• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Апта ичинде коронавирустун жаңы 339 учуру катталды

22 Баш оона 202212:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-августтан 22-августка чейин коронавирустун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын ичинен 297 бейтап үй шартында дарыланса, 42 адам ооруканага жактырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан коронавирустун 20 миң 789 учуру катталган, анын ичинде 18 миң 789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 (9,7%) учур клиникалык-эпидемиологиялык түрдө тастыкталган.

Белгилей кетсек, тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл зонада турат.

Количество просмотров: 125