• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: Болжолу көп бомба кабары… Кезек Атамбаевдеби?

8 Бирдин айы 2019 19:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2019. Govori.TV.

Лавровдун иш сапары

Апта башында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга келүүсү коомдо бир катар талкууларды жаратты.

Орусия Кыргызстанда экинчи авиабазасын ачат экен деген кептер Лавровдун ал тууралуу сөз болбогонун жана бул демилге Россия тарабынан эмес кыргыз тараптан болуп жатканын айткан соң гана басаңдады.

Ошону менен бирге Россиянын президенти Путиндин март айында Кыргызстанга кыла турчу сапарына даярдык көрүлүүдө.

Аба майданындагы бомба

Аптанын дагы бир чуулгандуу окуясы болуп Бишкек жана Ош аэропортторунда бомба коюлгандыгы тууралуу кабар болду.

Бирок, аба майдандары текшерилип эч кандай жарылуучу каражаттар табылган эмес. Ал эми айрым тургундар социалдык тармактарда авиакассага жакын үйлөр, мекемелер да текшерилгенин, аэропорттон сырткары башка бир нече жайга жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат болушу ыктымал экенин жазышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат Кыргызстандан эмес башка өлкөдөн түштү деп тым болду.

Кол чатырчан президент

Президенттин айымдарга кол чатыр көтөргөн сүрөтү интернетке тарады. Бул сүрөт көпчүлүктүн эрмегине айланды.

Ал эми өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева үн катып, Жээнбековдун кол чатыр көтөрүү адаты премьер кезинен эле бар экенин айтып, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Кезек Атамбаевдеби?

Коопсуздук кеңеши жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде аткарган иштерин коомчулукка тааныштырды. Анда кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бир жыл ичиндеги өлкөдөгү орчундуу кылмыш иштердин бети ачылганына токтолду. Алардын катарына ЖЭБги авария боюнча козголгон кылмыш иштери, Албек Ибраимовго карата ачылган кылмыш-иши, Тарых музейиндеги коррупция жана Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштерин киргизди.

Ал эми Атамбаев боюнча эгер сот жүрүшүндө түз же кыйыр көрсөтмөлөр болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын айтты.

Бирок мындай жагдай Атамбаев кол тийбестик макамынан ажыратылгандан кийин гана болушу мүмкүн экенин эскертти.

Бул апта коомчулуктун эсинде мына ушундаай окуялар менен калды, ал эми келээрки апта кандай окуялар менен коштолот аны чоогу баамдайбыз.

Количество просмотров: 35