• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Ар бир тамчы суу кымбат». Жапаров дыйкан, фермерлерге кайрылды

28 Бирдин айы 2022 16:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жарапов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына валюта рыногундагы жагдайга байланыштуу билдирүү жазды. Жана ошондой эле президент азыр эң башкы максат — элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу экенин кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз. Биз өзүбүздүн айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүгө тийишпиз.

Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк.

Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Ушул жерден жалпы дыйкандар менен фермерлерге ачык айтып коеюн, бул сумма быйыл бардык фермерлер менен дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар. Быйыл жетишинче алсаңар, Кудай буюрса, эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлүп, үч жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди камсыз кылабыз деген пландарыбыз бар.

Азыр казынабызда болгон акчабызды берип жатабыз. Эгер акчабыз жетиштүү болгондо быйыл эле баарыңарды камсыз кылат элек.

Ушул жерден бир чындыкты айтып коюшум керек. Өлкөбүз эгемендик алганы биринчи жолу айыл чарбасына ушундай чоң суммадагы каражат бөлүнүп жатат.

Биздин ишкерлерге өзүнчө кайрылгым келет, бизге азыр өндүрүштүк ишканаларды түзүү керек. Албетте, сооданы активдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бирок өзүбүздүн продукцияларыбызды экспортко көбүрөөк чыгарышыбыз керек», — дейт президент.

Количество просмотров: 87