Арал — Миң-Куш унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-май күнү Арал — Миң-Куш унаа жолу бир тараптуу ачылган.
Бүгүн жерине жолду кеңейтүү иш-чараларын улантууга ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылган.
Эскерте кетсек, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал — Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында жер көчкү түшүп, Миң-Куш дарыясынын жарымын басып калган.
Жер көчкүнүн кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылган.