Баткендин чек аралаш аймактарындагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалда 30-апрелге караган түнү Лейлек районунун да бир нече айылдары жабыркады. Анын кесепетинин жай тургундар үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушту.
Алардын катарында Арка айылы да бар. Кыргыз-тажик аймактарын бир гана унаа жолу бөлүп турган аймактын чырдан кийники абалы аянычтуу. Кыргыз тарапта жайгашкан үйлөрү, май коюучу жайлар, дүкөндөр катарма-катар өрттөлүп, кыйраган. Кызыгы, жолдун аркы өйүзүндө жайгашкан коңшү тараптын эч бир имараты бузулган эмес.
Акыркы маалыматтар боюнча 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.