• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Араванда цех өрттөнүп, 2 тонна май күйдү

8 Аяк оона 2018 11:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.09.2018.Govori.TV.
Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө 2 тонна май күйүп, май чыгаруучу цехтин ээси 10 миң доллар чыгымга учурады. Өрт кечээ, 7-сентябрга караган түнү саат 03:00 чамасында башталган. Бул тууралуу аталган цехтин ээсинин иниси Акрам аймактык кабарчыга билдирди.

Өрттөн адамдар жабыркаган жок.

«Бул цех 10 жылдан бери пахта майын чыгарып келген. 7-сентябрда түнкү саат 03:00 чамасында өрт чыгып, цехтин 200 чарчы метри күйүп кетти. 4 кызматкер эмгектенген цехти агабыз иштетип келген. Өрттүн кесепетинен 2 тонна май күйүп, 10 миң доллар чыгымга учурады. Учурда айыл өкмөт, жергиликтүү тургундар жардам берип, тазалоо иштери жүрүп жатат», — деди Акрам.

Ал эми ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрт электр тогунан чыккан. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Булак: turmush.kg
Количество просмотров: 30