• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Араванда депутат Малиев катышкан жыйындан жергиликтүү тургундар чыгып кетишти (видео)

13 Бугу 202216:21 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районунун тургундары “Элдик” депутаттык топ өткөргөн жыйындан чыгып кетишти. Бул тууралуу видео «Оймо Медиа» Ютуб каналына жарыяланды.

Анда жергиликтүү жашоочулар жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев катышкандыгы үчүн нааразы болуп чыгып кетишкен.

Эске салсак, 11-майда Жогорку Кеңеш кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда 56 макул, 13 каршы болгон добуш менен колдоп берген. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев колуна Куран китебин алып, анда кумар оюндарынын “бир аз пайдасы бар” деп жазылганын айткан. Депутаттын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

https://www.youtube.com/watch?v=ilKg5epmS5c&t=63s

Количество просмотров: 2428