Араван районунда иш-чаранын биринде «Президент биздин атабыз» деген жазуусу бар баннер илинген. Андагы сүрөттү соцтармак колдонуучулары бөлүшүп, талкууга жем болду.
Ал эми иш-чарага мамлекет башчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов да катышканын көрүүгө болот.
Көп өтпөй облус башчынын өкүлү Эрмек Муратбек уулу фейсбук баракчасына коомчулукта туура эмес түшүнүктөр тарап жатканын жазды. Бирок мындай аталыштагы иш-чара Араван районунда өткөнүн тастыктады.