Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) “Клооп» басылмасына каршы арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган басылма 6-январда сайтына жазды.
Анда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басылмага жолдогон катында АРИС 2-февралда жазган арызынан баш тартканы белгиленген.
Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.
«Клооп» (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын 1-февралда кабарлаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда «жалган маалымат» берилгени белгиленген.
«Kлооп» бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазган.