23-октябрга карата 458 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.
Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.