• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баатырбековдун мандатын тапшыруу тууралуу арызы БШКга түшө элек

9 Кулжа 2020 10:44 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Баатырбековдун Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу жөнүндө арызы БШКга келип түшө элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКларда Батырбеков мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыра тургандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Маалыматка караганда, анын кетиши 2020-жылы күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык менен байланыштуу.

Эске салсак, кечээ, 8-июнда аталган партиянын дагы бир депутаты Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган болчу.

Количество просмотров: 55