• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Армениянын парламентинде кайым айтышуудан кийин массалык мушташ чыкты (видео)

9 Бугу 202022:14 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 8-майда Армениянын парламентинде кайым айтышуудан кийин оппозиция менен башкаруучу блоктун ортосунда массалык мушташ чыккан.

Айрым маалыматтарга караганда, «Просвещенная Армения» оппозициялык фракциясынын башчысы Эдмон Марукян «Мой шаг» блогунун башкаруучу кесиптештерин өз сөздөрүндө оппоненттерди шылдыңга албоого үндөгөн. Ага башкаруучу партиянын мүчөсү Сасун Микаэлян кескин жооп бергенде Марукян экөөнүн ортосунда мушташ чыкты. Бул мушташка башкалар да кошулду. Муну токтотуу үчүн парламенттин спикери Арарат Мирзоян тыныгуу жарыялаган.

Булак: АКИпресс.

Количество просмотров: 201