• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Чолпон-Атага келди

25 Баш оона 2022 14:34 Бишкек Govori.TV

Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Количество просмотров: 98