• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Армияда жоокер өлсө, министрлик күнөлүү болбойбу?

15 Аяк оона 2022 15:40 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 5-июлунда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, кокустуктан улам өзүн атып алып, көз жумганын айтышкан. 22 жаштагы Элдияр Жайлообековдун үй-бүлөсү кокустук тууралуу версияны четке кагып, жоокер кыйноого кабылышы мүмкүндүгүн айткан.


Арадан бир өтпөй бул окуя, башка аскердик бөлүктө кайталанып, 18-августта Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Сыргак Сабырбеков аттуу жоокер күзөттө турганда өзүн өзү атып каза болду деген маалымат айтылган. Маркумдун жакындары Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенишкен эмес.


Мындай окуялардан кийин эл өкүлдөрү тиешелүү министликти сындап, армиядагы абалды жакшыртууну талап кылган. А бирок министрдин айтымында армияга даяр болуп келүү керек экен.


Эл өкүлү Эмил Токтошев бул министрди кызматтан алуу керек деп эсептейт.

Количество просмотров: 207