• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Арсен Алтыбаев Бельгиянын дарбазачысы Симон Миньоле менен жолукту (Видео)

6 Теке 201810:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06. 07. 2018. Govori.TV
Арсен Алтыбаев Бельгия курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле менен жолукту. Бул туурасында Арсен өзүнүн instagram баракчасына жарыялады.

https://www.instagram.com/p/Bk2rsyxlyTh/?taken-by=asianhustle4

Ал Симон Миньоле менен Казань шаарында жолуккан. Алар футболкалары менен алмашып, андан соӊ чогу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялашкан.

https://www.instagram.com/p/Bk269YKlSos/?taken-by=asianhustle4

Дарбазачы Миньоле  твиттердеги баракчасына: «Социалдык тармак аркылуу  биз аны таптык. Анын аты-Арсен. Ал Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга саякаттап келген. Ооба, ал менин футболкама ээ болду. Ушул үчүн мен социалдык тармактарды жакшы көрөм»,- деген билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек буга чейин Арсен Бельгия — Япония беттешинде Ливерпуль клубунун формасын кийип, Миньоленин футболкасын сураган жазууну көтөрүп турган. Кийин дарбазачы социалдык тармак аркылуу ал балага издөө жарыялаган.
Количество просмотров: 91