• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Арсланбапта турак үйлөрдү сел каптады (видео)

6 Баш оона 2020 15:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылында дагы катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон аккан сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун каптап, 1 сарайдын дубалын бузуп кеткен.

Окуянын жеринен тартылган видеосу «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.

«Селдин кесепетин жоюу үчүн жерине атайын техникалар жана ӨКМдин ыкчам тобу тартылган. 50 жергиликтүү тургун аларга жардам беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 120