• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Арстан Алай: Чачтарым карарып жатат. Өлбөстүккө ишенем

17 Жетинин айы 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

Чачтарым карарып жатат. Өлбөстүккө ишенем. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда коомдук ишмер Арстан Алай билдирди.

«Өлбөстүккө өткөнгө аракет кылгыла. Мен кубаттулук алгандан кийин өзүмдү боштондукта сезем. Чачымдын агарганы карарып, жашарганымды сезип жатам. Демек мен өлбөстүккө ишенем»,-деди ал

Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) коомчулукта бир нече сөздөрү менен белгилүү. Алардын бири — 2011-жылы “Кыш болбойт” деп айтканы болгон.

Ал эми 2019-жылдын август айында ал өзүн “Кудаймын” деп атап, “аалам аны 2020-жылдын президенти кылып дайындаганын” билдирген. Мындан улам Бишкек ШИИБи ага карата “Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Кийинчерээк, пандемия башталганда, ал Кытайга коронавирусту “өзү жибергенин” айткан. Мунун себебин Кытай Кыргызстандын карызын кечирбегени менен түшүндүргөн.

Количество просмотров: 617