• Жекшемби 29 Жетинин айы 2020

Арстан Алай: COVID-19 менен кырсыктарга президенттер жана саясатчылар күнөөлүү

17 ноября 2020 в 12:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19, кырсыктар менен бактысыздыктарга президенттер жана саясатчылар күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрдагы маалымат жыйында Арстан Алай билдирди.

Анын айтымында, алар жаңы доордун талаптарын билишпейт.

“Ар бир доордун талаптары менен мыйзамдары бар. Президенттер, саясатчылар жаңы доордун талаптарын билишпейт. Мен Сооронбай Жээнбековдун ордунда болгондо Кыргызстанды өнүктүрмөкмүн. 21-кылымда адам акылы менен ойлоп тапкан мыйзам, техника, медицина коронавирустан арылууга жардам бербейт. Дүйнө эли эң биринчи адамдын гени жетилгенин жана ааламдын ролун аткарышы керектигин түшүнүшү керек. Эгер аны аткара албаса вирус ичтен чыгат. Ар бир улуттун миссиясы болот. Кыргыз ааламдан келген өкүл. Буга чейин мага кылмыш ишин козгоп, жазалайбыз дешкен бир көрүнүп тургандай мен алардын өздөрүн жазаладым”, — дейт ал.

Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) коомчулукта бир нече сөздөрү менен белгилүү. Алардын бири — 2011-жылы “Кыш болбойт” деп айтканы болгон.

Ал эми 2019-жылдын август айында ал өзүн “Кудаймын” деп атап, “аалам аны 2020-жылдын президенти кылып дайындаганын” билдирген. Мындан улам Бишкек ШИИБи ага карата “Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Кийинчерээк, пандемия башталганда, ал Кытайга коронавирусту “өзү жибергенин” айткан. Мунун себебин Кытай Кыргызстандын карызын кечирбегени менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, Арстан Алай президенттик шайлоого барат. Ал биринчи жолу катышып жаткан жок — ал 2011чи жана 2017-жылы да талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 42