• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арстан Алай коронавирус жөнүндө айткандары үчүн жоопкерчилик сезбейт

18 Жалган куран 202017:36 Бишкек Govori.TV

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) буга чейин «коронавирус Кыргызстанга келбейт» деп айткандары боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, кыргыз тукуму коронавирус менен оорубайт.

«Буга чейинки уюштурган маалымат жыйында вирус менен техникага байланып калгандар, дин менен жүргөндөр ооруй турганын айткам. Угушумча коронавирус аныкталган адамдардын улуту кыргыз эмес ,ошондо кыргыз оорубайт болуп жатпайбы»,-деп билдирди Арстанбек Абдылдаев.

Эске салсак, өзүн “Кудаймын” деп атаган Арстан Алай 3- мартта маалымат жыйын уюштуруп, анда дүйнөгө тарап жаткан вирус Кыргызстанга келбей турганын жана илдетти Кытайга өзү жибергенин айткан.

Количество просмотров: 553