• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Арстан Алай: Садыр Жапаров президент болбойт

17 Жетинин айы 2020 12:38 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин ал бүгүн, 17-ноябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Мен кечээ көрдүм. Садыр Жапаров президент болбойт. Периштелер талашып жатат бирөө болсунчу десе, бирөөсү биздин ишке жолтоо болот деп жатат. Андыктан Жапаров ажо болбойт»,-деди ал.

Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) коомчулукта бир нече сөздөрү менен белгилүү. Алардын бири — 2011-жылы “Кыш болбойт” деп айтканы болгон.

Ал эми 2019-жылдын август айында ал өзүн “Кудаймын” деп атап, “аалам аны 2020-жылдын президенти кылып дайындаганын” билдирген. Мындан улам Бишкек ШИИБи ага карата “Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Кийинчерээк, пандемия башталганда, ал Кытайга коронавирусту “өзү жибергенин” айткан. Мунун себебин Кытай Кыргызстандын карызын кечирбегени менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, Арстан Алай президенттик шайлоого барат. Ал биринчи жолу катышып жаткан жок — ал 2011чи жана 2017-жылы да талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 737