• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады

6 Үчтүн айы 202411:47 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда каза болгон Арстан Алайдын абактагы акыркы мүнөттөрү делген видео тарады.

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

Юстиция министрлиги Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түздү. Маалыматка ылайык, комиссия бардык материалдарды, анын ичинде Арстанбек Абдылдаевдин №31 дарылоо мекемесиндеги жүрүм-туруму тартылган видеолорду, суициддин белгилерин да текшерет.

Количество просмотров: 764