• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Арстан Алайдын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

5 Үчтүн айы 202418:33 Бишкек Govori.TV


Юстиция министрлиги Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, комиссия бардык материалдарды, анын ичинде Арстанбек Абдылдаевдин №31 дарылоо мекемесиндеги жүрүм-туруму тартылган видеолорду, суициддин белгилерин да текшерет.

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

Количество просмотров: 1013