• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды

6 Бирдин айы 202417:51 Бишкек Govori.TV

Арстан Алайдын өлүмү боюнча ЖАМКнын тергөө бакармалыгы тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы кылмыштын белгилерин тапкан эмес.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Эске салсак, 5-январда Абдылдаевдин сөөгү Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде асынып турган жеринен табылган.

Жаза аткаруу кызматы расмий билдирүүсүндө ал психотикалык дарт менен жабыркап жүрүп, өз өмүрүнө өзү кол салганын, электр чайнегинин зымына сүлгүну улап, асынып алганын маалымдаган.

Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура жооптуу абак кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 348-беренеси (“Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун”) менен кылмыш иши козгоп, тергөө иштерин баштаган. Учурда ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Количество просмотров: 241