• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Артем Новиков БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту

3 Бештин айы 2020 12:39 Бишкек Govori.TV

КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчынын м.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУУ тутумунун бардык институттары менен өнөктөштүктү күчтөндүрүсүнө ишеним билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийликтнн бардык институттарынын ишинде сиздин колдооңузга ишеним билдиребиз. Биз ошондой эле бардык өнөктөштөр менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн биргелешкен долборун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары, эл аралык көмөктөштөрдүн көмөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым програмаларын ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө өбөлгө түзүп бере алат. Алсак, ишкерлик тармакты колдоого алуу, мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көмөк бере алат», — деп белгиледи Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыразычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа берерин белгиледи.

Пикирлешүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин басып өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана кызматташуу боюнча маселеси талкууланды.

Количество просмотров: 42