• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Артыкбаев: «Орхан Инанды элчиликке кирип кетти» деген маалымат боюнча факт жок

7 Кулжа 2021 17:17 Бишкек Govori.TV


Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факт жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

«Элчиликке кирип кетти, ошол жакта кармап отурат дегенге факт жок. Бул анын аялынын айткан сөзү», — деди ал.

Ал эми Ички иштер министрлиги «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти, кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштеринин алкагында Түркиянын элчилигин тинтүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылганын ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Бирок тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Вена конвенциясына ылайык, имаратты тинтүү үчүн элчиликтин уруксаты керек экенин белгилеп, кат менен жооп бергенин кошумчалады.

“ИИМден келген катта Орхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратына келгени боюнча маалыматыбыз бар-жогу боюнча гана сураган. Элчиликтин имаратына кирүү үчүн ИИМдин тергөө кызматынын маалыматы керек болот. Ошого таянып, биз элчиликке кайрылабыз”, деди Айбек Артыкбаев.

Количество просмотров: 497