• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Асаналиев: БШКнын жумушчу тобуна 34 даттануу түштү

11 Чын куран 202112:22 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиянын жумушчу тобуна 34 даттануу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, арыздар 9-февралдан 10-апрелге чейин түшкөн. Анын алтоосу арыз ээси тарабынан кайра кайтарылган.

«Бишкек — 15, Чүй облусу — 9, Ош облусу — 3, Баткен облусу — 3, Ош шаары — 2, Жалал-Абад облусу — 1, Талас облусу — 1 даттануу түшкөн. Жумушчу топ 17 чечим кабыл алды. 3 маселе соттук териштирүүгө жөнөтүлдү, 8 маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деди Асаналиев.

Количество просмотров: 95