• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Асанбай кичи районунда дүкөн өрттөндү

9 Теке 202113:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда азык-түлүк дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат 02: 02де чектөөгө алынып, саат 02: 49да толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен дүкөндүн 40 чарчы метр шыбы, 10 муздаткыч, 2 кондиционер жана азык-түлүк күйүп кетти.

Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдалануу эрежелеринин бузулушунан улам чыккан.

Количество просмотров: 105