25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири 25 жаштагы Мээрим Асанбекова.
«Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде окутуучумун. Ал эми бул тренингден медиа сабаттуулукту жогорулатып, лидерлик сапатымды өнүктүргүм келет. Өлкөдө билим берүүнүн сапаты төмөндөп кетти, ушул тармакка өз салымымды кошкум келет»,-деди Асанбекова.