29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Мээрим Асанова тренингден үйрөнгөн тажрыйбаны башкалар менен бөлүшсөм дейт.
«Бул тренингде соцтармактарда иштөө, сүйлөө чеберчилиги, теледе өзүн алып жүрүү боюнча сабактар өткөрүлдү. Сабактар эң мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Мен өзүм журналист катары ошол жерден көптөгөн нерселерди алдым. Айрыкча соцтармактарда иштешүү багытында. Мен Балыкчы шаарында журналист болуп иштегендиктен, ал жакка барган соң алган ушул нерсени өзүмдүн командама үйрөтүп, мындан ары алып кетүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатам», — дейт ал.