Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.
Кечээ, 27-март күнү жылдыздуу түгөйлөр Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип кыздуу болушкан.
Бүгүн Асель Кадырбекова да өзүнүн баракчасына «апа» статусуна ээ болгону тууралуу жазды.
«Баарыңыздарга чоң рахмат. Буюрса ата-эне статусуна ээ болдук, акырындап өзүбүзгө келип жатабыз. Салмагыбыз 3500, боюбуз 52 см», -деп төрөттөн кийинки сезимдери менен бөлүшүп төрөт үйүнө ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, жылдыздуу түгөйлөрдүн заманбап үйлөнүү үлпөтү 2018-жылдын 10-майында шаарыбыздын тойканаларынын биринде болуп өткөн.