Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV
Ырчы Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип туң наристесин күтүп жатат. Бул тууралуу көптөн күткөн суроолорго жооп кылып Асель Кадырбекова Instagramдагы жеке баракчасына түйүлдүктүн видеосун жүктөп сүйүнчүлөдү.
Кадырбекова посттун баяндамасына:
«Бул адамды биз кандай күтүп жатканыбызды ал билбейт!
Кызыңарга же уулуңарга ким деп ат коет элеңер?» -деп жазды.
Көпчүлүк ырчынын жаңылыгына сүйүнүп аман-эсен көз жарып алуусун каалады.
Ырчынын кесиптештери да жылуу каалоо-тилектерин жаадырып жатышат.
Эске салсак Асель Кадырбекова менен Нурлан Насип 2018-жылдын 10-майында үйлөнүү тою болуп, Кадырбекованын үлпөт көйнөгү катуу талкуу жараткан эле.
Булак: “Барометр” сайты