• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

COVID-19 курсактагы түйүлдүк үчүн коркунучтуубу? Жооп

2 Баш оона 2022 13:37 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабдан COVID-19 илдети курсактагы түйүлдүк үчүн коркунучтуубу деген суроого жооп беришти.

Штабдан белгилешкендей, болочок энелер тынчсызданбай эле коюшса болот: коронавирустун жаңы түрүндө вертикалдык жугузуу механизмдери табылган эмес.

“Кош бойлуу аял ооруп калса, түйүлдүктү эле эмес, плацентаны дагы жабыркатпайт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Филатов атындагы Москва шаардык 15-ооруканада изилдөө жүргүзүлүп, коронавируска чалдыкпаган 1646 эне жана төрөт учурунда COVID-19 аныкталган 891 эне статистикага киргизилген.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин академик Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык илимий борборунун оперативдүү гинекология бөлүмүнүн башчысы Лейла Адамян мындай дейт: «Биз 2000ден ашык оорунун баянын талдап чыктык, алардын ичинен бир гана учур вертикалдуу жугузууга шектелген. Биринчи изилдөө күмөндүү болгон: төрөт учурунда булгануу болушу толук мүмкүн (оору жуктуруучу бактериялардын бейтаптын организмине кокусунан кириши). Бул ымыркайдан эч кандай кошумча далил табылган жок».

Ооруканада ымыркайлардан төрөлгөндөн кийин 3-чү жана 10-күнү дароо ПЧР-тест алынган. Алардын биринде дагы коронавирус инфекциясы аныкталган эмес. Ал гана эмес эгерде төрөт алдында эне коронавирус инфекциясынын оор же орточо түрү менен ооруган болсо, балдардын дени сак төрөлгөн. COVID-19дун түйүлдүктүн өрчүшүнө терс таасирин тийгизүүсүнүн эч кандай далили жок.

Количество просмотров: 79