• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Асел Кадырбекованын абалы оор. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады

29 Кулжа 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков  ырчы Асель Кадырбекованын саламаттыгы боюнча маалымат берип, абалы оор экенин айтты.

 «Аселдин абалы дагы деле оор. Кома абалында жатат, бирок өзү дем алып, кам басымы өзүнүкү, эч кандай дарынын жардамы менен эмес. Бүгүнкү күндө кичине болсо дагы жылыш бар, бирок абалы баары бир оор бойдон калууда», — деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ырчы Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Количество просмотров: 16997