• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Эстебесов аталык укуктан ажыратылды

17 Үчтүн айы 202414:01 Бишкек Govori.TV

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды. Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова билдирди.

Иш кечээ Сокулук райондук сотунда каралып, сот Асел Ногойбаеванын доосун канааттандырып, Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратты.

Эскерте кетсек, коомчулуктун үрөйүн учурган окуя 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында болгон. Азамат Эстебесов беш жыл мурда ажырашкан Асел Ногойбаеванын батирине таң эрте кирип келип, сабап, кулагын жана мурдун кесип салган.

Количество просмотров: 190