• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ашхабадда үйлөрдүн биринде тиричилик газы жарылып, бир наристе мерт болду

17 Теке 201914:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.

16-июлда Ашхабаддын 10-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде тиричилик газы жарылып, бир наристе мерт болду. Жабыркагандар бар. Күйүк борборуна Гамбурцевдердин үй-бүлө мүчөлөрү оор абалда жеткирилди.

Сentralasian кызматы кабарлагандай, көп кабаттуу турак жайдын үчүнчү кабатында жашаган Юрий менен анын жубайы Надежданын абалы өтө оор. Алардын бала бакчага барган кызы Еванын акыреги сынган, буттары күйгөн, абалы туруктуу.

Ева барган бала бакчадагы балдардын ата-энелери үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кан тапшырышууда.

Количество просмотров: 13