• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Аширходжаев: БШКнын мүчөлөрү ИИМге “шалаакылык” боюнча иштин алкагында суракка чакырылган

21 Тогуздун айы 2020 20:02 Бишкек Govori.TV

БШКнын мүчөлөрү ИИМге “шалаакылык” боюнча иштин алкагында суракка чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүш иши Башкы прокуратура тарабынан 8-октябрь күнү катталып, тергөө жүргүзүүсү үчүн ИИМге жөнөтүлгөн»,-деди Ички иштер министринин орун басары.

Ал эми депутаттар Каныбек Иманалиев менен Жанар Акаев БШКнын мүчөлөрүнүн суракка чакырылышы мыйзамсыз экенин белгилеп, бул үчүн ИИМ министри жжопко тартылышы керектигин билдиришти.

Эскерте кетсек буга чейин БШКнын мүчөлөрү аларга ИИМге суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы тапшырылганын билдиришкен.

Количество просмотров: 63