• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Ашуулардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

17 Үчтүн айы 2024 9:22 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 17-18-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Красная-Горка–Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 52