Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жиберген. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Бул маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбекова ырастады.
“Мен катты бүгүн эртең менен жумушка келгенде көрдүм. Маселе дароо эле күн тартибине чыкпайт. Биринчи фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе кайсы күнү күн тартибине коюлганын айтабыз”, — деди ал.
Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кеткен.
2022-жылы Акаев Кыргызстанга эки жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.