• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аскар Шадиев качкан жол мурдатан белгилүү болгонбу? (видео)

7 Кулжа 2018 11:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2018. Govori.TV

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, парламентте жоголгон Чыңгыз Айтматов сыйлыгынын 30 миң доллар каражатынын уурдалышына шектелген Аскарбек Шадиев ушул жылдын 27-апрелинде Баткендеги Арка айылынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирүү таратканы маалым.

Турмуш басылмасы  ошол кыргыз чиновнигинин кайсыл жерден чек араны кесе качканын иликтеп, жеринде тасмага тартып келишкен. Анда белгилүү болгондой,  баткендин Арка айылыдагы чакан каналдын үстүндөгү көпүрө эки өлкөнүн чек ара сызыгы катары эсептелингени менен, азырынча бул жер делимитация жана демаркация болуп, аягына чыга элек. Андыктан, эки мамлекеттин жашоочулары эч кандай тоскоолуксуз эле, авто унаалары менен ээн-эркин катташып, чек арачыларысыз эле ынтымакта жашап келишет.

Эске сала кетсек, дал ушул Аскарбек Шадиевдин АКШга чыгып кеткен маршруту менен 2009-жылы Алмазбек Атамбаевди анын шоопуру Икрамжан Илмиянов Бакиевдердин куугунтугунан чыгарып кеткендиги тууралуу да коомчулукта айтылууда.

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 37