• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аскарбек Шадиевдин мандаты алынды

2 Жетинин айы 2018 15:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.11.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын издөөдө жүргөн депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Шадиев өз эрки менен жазган арызынын негизинде фракциядан чыгарылган. Мыйзамга ылайык, өз эрки менен фракциядан чыгууга арыз берген эл өкүлүнүн депутаттык ишмердүүлүгү токтотулуп, депутаттык мандаттан ажыратылды.
Шадиевдин ордуна «Бир Бол» фракциясынын кийинки тизмесинде турган Эрмамат Тагаев депутат болуп катталды. Ага мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-ноябрдагы отурумунда тапшырылды.
Количество просмотров: 45