• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аскарова: Аймактардагы айымдардын аброюн көтөргүм келет

11 Бештин айы 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Элмира Аскарова.

Ал Баткен облусунун Кадамжай районунан келген. Орозбеков айыл башчысынын орун басары болуп иштеп келет.

«Мен кесибим боюнча мугалим, бул тармакта 23 жыл эмгектендим. Мындан тышкары дагы бир кесибим бар ал финансист. Бул тармакта атайы иштебесем да бирок, өзүмдүн турмушумда же болбосо жергиликтүү кеңеште депутат болгонумда бюджет комиссиясында төрайым болгонум менен айкындалдым.
Ар жылы ар түрдүү долбоорлор менен иш алып барып, айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасап келем. Мен бул тренингден аялдардын, бөтөнчө айылдагы айымдардын ролун жогорулатуу үчүн келип олтурам», — деди ал.

Количество просмотров: 344