• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аскер бөлүгүндө сабалган жоокердин абалы айтылды

8 Кулжа 2022 11:06 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгундө сабалган жоокер кызматкеринин абалы орточо оор. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган башкармалык кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

«Алты адам кызматынан четтетилди. Алардын арасында офицерлер жана прапорщиктер бар. Бекзат Эсенбековду кароодо фельдшер эч кандай жаракаттарды көргөн эмес. Буттарынан гана шишик табылган», — деди Урматбек Шамырканов.

Эске салсак, 31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Туугандарынын айтымында, ал сегиз ай бою кордук көргөн.

Количество просмотров: 236