• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берүү сунушталды

11 Жалган куран 2024 16:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети аскер адамдарынын кызматтык турак үйлөрүн менчиктештирүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жалпы жыйынга алып чыгууга макулдук берди.

Мыйзам долбоору аскер кызматында 20 жылдан ашык эмгектенгендер жашап жаткан кызматтык үйлөрүн менчиктештирип алууга жол ачат. Бирок, кызматтык үйлөрдү аскер адамы иштеп турган учурда менчикке чыгара албайт.

Долбоор кабыл алынса, Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилет.

Кыргызстанда соңку 10-15 жылдан бери аймактарда жана Бишкекте аскерлерге атайын үйлөр курулуп келет. Учурда канча аскер кызматкерлерине турак жай курулганы жөнүндө так сан жок.

Кыргызстандын Чек ара кызматы азыр Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын курамында.

Количество просмотров: 127