• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдө 4 кызматтык үй курулду

3 Жетинин айы 2021 18:06 Бишкек Govori.TV

Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди.

Батирлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Руслан Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты.

Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.

Количество просмотров: 622