• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстанда бир кыргыз аскер кызматкери кармалып турат

9 Теке 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

Тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерин кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул бир күн мурун Чашмагилдан ашуусунун аймагындагы атышуу учурунда болгон. Чек арачыны кармап Тажикстандын аймагына киргизип кетишкен.

«Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү атышуу болгон жерде жана бул фактыны териштирип жатышат. Баткен участкасынын чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан окуя учурунда кармалган кыргыз аскер кызматкерин кайтарып берүүнү талап кылды. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Бир күн мурун, болжол менен кечки саат бештерде, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.

Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун билдирген.

Количество просмотров: 530