• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аскер прокуратурасы колония кызматкеринин өлүмүн иликтөөгө киришти

3 Бештин айы 2018 10:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Чүйдөгү колонияда өзүн атканы айтылган кызматкердин өлүмүн иликтөөгө киришти.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү окуя болгон №16 түзөтүү колониясына барып келгенин жана иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.
21 жаштагы прапорщик 30-ноябрда курал сактоочу кампада өзүнүн табелдик куралы менен атынып өлгөнүн Жаза аткаруу кызматы ырастаган. Маалыматка караганда, маркум өзүн атардан мурда туугандарына кат жазып, кечирим сураган. Чогуу иштеген адамдарга ыраазычылык билдирген.
Кызматкердин өз жанын кыйышына бир күн мурда Ысык-Көлдө «сүйлөшкөн кызынын асынып алганы себеп болушу мүмкүн» деген версия каралууда.
Количество просмотров: 27