• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Аскер прокурору болуп Расулов дайындалды

14 Бештин айы 202319:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Расулов Мирбек Алишерович башкы прокурордун орун басары – Аскер прокурору болуп дайындалды.

Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык башкы прокурордун орун басары – КРнын Аскер прокурору Сагындык Мукашов ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Белгилей кетсек, Сагындык Мукашов аталган кызматка 2020-жылдын ноябрында дайындалган.

Количество просмотров: 136