• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аскерде альтернативдик кызмат өтөө үчүн төлөмдү көтөрүү сунушталды

1 Бирдин айы 2023 11:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, же болбосо аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугун жоготкон жана мөөнөттүү аскердик кызматтан өтпөгөн эркек жарандар, милдеттүү түрдө альтернативдик кызматка же моблизациялык резервдин жыйындарына чакырылуусу тийиш.

Республикалык бюджеттин кирешесине төмөнкүдөй акчалай салым төлөө каралган:

  • үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 180 (18 миң сом) өлчөмүндө;
  • диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 250 (25 миң сом) өлчөмүндө;
  • жыйырма эки жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар, аларга карата алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда, 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом) өлчөмүндө.

Колдонуудагы акчалай салымдар бир топ убакыттан бери өзгөрүлбөгөнүн белгилөө зарыл:

  • үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн – 2012-жылдан бери;
  • диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн – 2017-жылдан бери;
  • жыйырма эки жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар үчүн – 2016-жылдан бери.

Буга байланыштуу, мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына республикалык бюджеттин кирешесине акчалай салымды (эсептик көрөсөткүчтү) көбөйтүү бөлүгүндө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда:

  • үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызматка чакырылган жарандар үчүн 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом) өлчөмүндө;
  • диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуш аткарууну каалоосун билдирген жарандар үчүн эсептик көрсөткүчтүн 1000 (100 миң сом) өлчөмүндө;
  • жыйырма эки жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар, аларга карата алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда, 3000 эсептик көрсөткүч (300 миң сом) өлчөмүндө.
Количество просмотров: 272