• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аспеков: Мен ачкачылык жарыялайм, бирок өзүмө эч качан кол салбайм

27 Кулжа 2022 18:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 27-июнда жарандык активист Мелис Аспековдун ишин кароо уланды. Анда айыпталуучу отурумда төрагалык кылган судьяга ишенбөөчүлүк жарыялады.

Анын айтымында, анын ишин башка сот кароосу керек, эгер сот алмашпаса ал кайрадан ачкачылык жарыялайт.

Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

Ага алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага «Алдамчылык» беренеси да кошулган.

Март айында Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кескен. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, «саясий негизде иш козголгонун» билдирген. Учурда анын бул ишин Бишкек шаардык соту карап жатат.

Количество просмотров: 903