• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асрандиев: Акча алмаштыруучу жайлар менен микрокредиттик компанияларды убактылуу жабуу сунушталды

26 Жалган куран 2020 15:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта түштөн кийинки онлайн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев экономика жана бизнеске байланыштуу маалымат бердип, өзгөчө абал режими учурунда ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнө токтолду.

Анын айтымында, Улуттук банкка микрокредиттик компанияларды жана акча алмаштыруучу жайларды убактылуу жабуу тууралуу сунуш берилди.

Өзгөчө абал тартиби учурунда төмөндөгүдөй ишмердүүлүктөрдү жүргүзсө болот (өндүрүү, ташуу, сатуу жана ишке ашыруу):

Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган жана башка абалда.

Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар — бет каптар, халаттар жана башка.

Күйүүчү-майлоочу материалдар жана газ баллондор.

Турак жай-комуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү.

Жеке менчик кайтаруу уюмдары.

Айрым бажы уюмдары.

Коммуникация чөйрөлөрү — ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө.

Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү.

Количество просмотров: 64